ЖҮЗҮ ЖАРЫК
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Ажарлуу, жайдары. Эч кайгырбаган жүзү жарык, жылдыздуу адам («Чалкан»). Карындашым Кундузжан, жүзүң жарык жылдыздан (Токомбаев). 2. Элге уят болбогудай, эл алдына кызарбагандай, кепке-сөзгө калбагандай абалда. Тоодо малчы жүзү жарык, Ышкырышкан жел менен (Токомбаев). Менин башымды ачып, такыялуу кыздай каада менен алып кетсең, эл алдында менин да жүзүм жарык болор эле, – деди (Өгөбаев). Бардыгынын жүзү жарык, көңүлдүү («Ала-Тоо»). В.: Жүзү ак. Эл алдында эми жүзү ак болот.